super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

 

2017-жылдын 3-апрелине чейин жаап өткөн жана 7-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Көк-Бел ашууларында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш, Казарман-Актал-Чат, Бишкек-Нарын-Торугарт, Арал-Миң-Куш, Каракол-Эңилчек, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-апрелде билдирди.

3-4-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоолордо, тоо этектеринде кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0…-5° суукка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0...-2° жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн, күндүз 4…9° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет жана туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2017-жылдын 3-апрелинен 5-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас жана Нарын облустарында ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: