super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү кеңешинин түзүлүшү туура болгонун мезгил далилдеди"

 

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү кеңешинин түзүлүшү туура болгонун мезгил далилдеди. Бул тууралуу 3-апрелде президент Алмазбек Атамбаев аталган кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

Жыйынга кечигип келген ажо бул күн ал үчүн маанилүү экенин айтты. "15 мүнөткө кечиккеним үчүн кечирим сурайм. Сүйлөөчү сөзүмдүн текстинин акыркы барактары жаңы эле бүттү. Бүгүн мен үчүн маанилүү күн. Күн тартибинде бир маселе каралат, ал тууралуу маалымат көп болгон үчүн китепчелерди тараттык. Бүгүн расмий тилде, орус тилинде сүйлөйм. Депутаттар Карамушкинадан коркту деп ойлошпосун анан. Бул жерде чет элдик ММКлардын өкүлдөрү, эксперттер бар. Өз кезинде мен дагы котормочу болгом. Туура көрсөңөр 40-45 мүнөт сүйлөйм", - деди президент.

"Убагында кеңеш ишке киргенде айрым саясатчылар "Баш мыйзамга каршы келет, президент чектен чыгып жатат" деп каршы чыгышкан. Бирок бул кадам туура болгонун мезгил далилдеп берди. Анткени ошол оор кезде, элибиз алапайын таппай турган кезде, депутаттар өз ара чырлары менен алек болуп өкмөт дээрлик жыл сайын алмашып жаткан кезде, мамлекетибиздин жок дегенде 5 жылдык жол картасы болбосо мамлекетибиз сызга отуруп калмак", - деди президент.






Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегия

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: