super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Кийинки президент мага мураскер болобу же Акаев менен Бакиевгеби, убакыт көрсөтөт"

 

Бишкекте бүгүн, 3-апрелде мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өлкөнү туруктуруу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүүдө. Ага кеңештин мүчөлөрү катышууда. Арасында депутаттар Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев да катышууда.

Анын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев мураскер калтырбай турганын дагы бир ирет айтты.

"Көпчүлүктү кызыктырып турган суроого жооп берип койбосом болбойт. Менден "кийинки президент ким болот?" деп көптөр сурашат, Путин дагы, Меркель дагы сурайт. Ачык айтайын, кийинки президент мага мураскер болобу, Акаев же Бакиевге мураскер болобу убакыт көрсөтөт. Анткени аны эл чечет. Президент өзүн коргой турган мураскер таппай кыйналып жатат деп жазып чыгышты. Ким президент болорун билбейм. Ошол эле учурда элибиз да ишенчээк. Бүгүнкү жыйында шайлоодо талапкер болом дегендер отурат, баарыңарга ийгилик каалайм. Президент болуп калсаңар президентти эмес, Кыргыз өлкөсүн уурулардан, мародёрлордон коргогула. Туура эмес иштесеңер бул жолу качып кете албайсыңар, качырбайбыз", - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: