super.kg logo

Бишкек-Ош жолундагы айдоочулар жолдун абалына нааразы

 

Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу, Суусамыр өрөөндөрүндө унаа жолу бузулуп, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган ашуунун жолундагы аңдардын айынан жүргүнчүлөр жана айдоочулар жол кыйынчылыгын тартууда.

Айдоочу Нурлан Ботобеков жолдун абалы начар экенине нааразы:

"Төө-Ашуу, Суусамыр жолунун абалы 1 жылдан ашуун убакыттан бери начар. Жок дегенде чуңкурларды жамап койгон эч ким жок. Ош-Бишкек жолунда жүргөнү үчүн ар бир айдоочу 45 сомдон төлөйт. 2 жылдан берки чогулган каражатка оңдоп койсо болот эле. Анткени бул жолдон 1 суткада 500дөн ашуун унаа өтөт".

Ашуудагы жолдун талапка жооп бербестиги ар кандай кырсыктардын болушуна себеп болууда дегендер да бар.

"Ансыз да өмүрү коркунучта бараткан айдоочулар жаман жолдон качам деп, каршы жолдо катуу бараткан унаалар менен сүзүшүп же тетиктери сынып, дөңгөлөгү жарылып жатат. Мындай окуялар бул жолдо күн сайын ондоп катталат", - дейт дагы бир айдоочу Жоро Карабаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
03.04.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Беспредель,жолдун жамагы кызыктыкбай калды аларды.Оздорунун арканкы тешиктерин жамап атышат
03.04.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
бул талондун ээси 1959 жылдан бери тируу экенби ээ? базада жок. Значит жолду ондош боюнча кечирип кой да !
03.04.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
modern-group,Эмне деп тантырап салгансыз?Куну,айы,жылы турат го 02.04.17 деп,демек кечооку талон да,а 1959-жыл деп кайсы жерде турат?
03.04.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ali88, ИНН дегенди окусан сен биринчи, 15 июнь 1959 жылы юстицияга катталган куну болот. билбесен билип алгын. кимдин ким экенин акча кимдин эсебине барып тушконун база данныхтан ИНН терип издейт.юстициянын базасында болуш керек ИННи. фейсбук же одклассник эмес бул паланчаев тукунчо деп издесен суроту менен чыга турган.
03.04.2017. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
modern-group,ошондо.02.04.17 эмне болуп калат??талондун эжси 59жылдан бери тируу бекен деген эмне??
03.04.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы бийлик келе элек маалында жолдун абалы жакшы эле, жолдор ондолуп, карап турушкан. Азыркы бийлик келгенден бери эчкимдин иши жок, эл айтпаса оздору корбойт, жолго деп алган 45 сом ар бир машинадан чонтоко тушот.
03.04.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туй ата жаман болгон турбайбы.... ушинтип эле арызданып эле журосунор. 1жыл эч нерсе эмес СССР ден бери Ысык-Кол областынын бут бардык жолдору ондолбой эле келатат корсонор мышык ыйлагыдай тим эле. Авто дискотека келип машиналарынарды бийлетип кетсенер болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: