super.kg logo
  Саясат  

Адвокат: "Сот Абдил Сегизбаевдин мүлкүн камакка алуудан баш тартты"

 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин жана Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун мүлкүн камакка алуудан баш тартты. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын катчылыгынан билдиришти.

Буга чейин 28-мартта "Ата Мекендин" үч депутаты Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова Абдил Сегизбаев менен Алмаз Үсөновду сотко берген эле.

"Шыкмаматов менен Салянова жоопкер тараптан моралдык чыгым үчүн компенсация сурашкан жок. Текебаев моралдык чыгымды 60 миллион сомго баалады. Ошондой эле алар соттон Сегизбаев менен Үсөновдун мүлктөрүн камакка алып, айтылган маалыматтарды төгүндөөнү соттон сурашты", - деген Токтакунова.

Айта кетсек, 2016-жылдын 14-ноябрында президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын аттары аталган. Ал эми "ата мекенчилер" бул документтердин жасалма экенин айтып, Белизден келген айрым документтерди жарыялашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: