super.kg logo
  Саясат  

Активисттер Жогорку Кеңешти Садыр Жапаровдун дарылануусун көзөмөлгө алууга чакырды

 

“Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы Садыр Жапаровдун №47-колониянын ооруканасына жеткирилиши боюнча Жогорку Кеңешке чукул кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти төмөнкүдөй:

“2017-жылдын 2-апрелинде экс-депутат Садыр Жапаров оор абалда №1-тергөө абагынан №47-колонияга жеткирилгени тууралуу маалыматтар тараган. Камакта Жапаровго коопсуздук камсыздалбаганы коомчулукту нааразы кылды. Мындан улам Жогорку Кеңешти Жапаровдун жаракаттарын туура каттоону көзөмөлгө алууга чакырабыз. Саламаттыкты сактоо министрлиги Садыр Жапаровдун ден соолугун Стамбул протоколундагы эл аралык стандарттарга ылайык текшерүү үчүн мекемелер аралык дарыгерлер комиссиясын тез арада түзүш керек”.

Айта кетсек, кечээ 2-апрелде Садыр Жапаров №1-тергөө абагында өз колун жана моюнун кескен, мындан улам Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилген.

Буга чейин 25-мартта Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. Ал "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө №1-тергөө абагына камалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: