7-майга карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат
7-майда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +24...+29°C, түнкүсүн +7...+12°C
Талас облусунда күндүз +23...+28°C, түнкүсүн +5...+10°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +24...+29°C, түнкүсүн +8...+13°C
Баткен облусунда күндүз +22...+27°C, түнкүсүн +7...+12°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +15...+20°C, түнкүсүн +3...+8°C
Нарын облусунда күндүз +18...+23°C, түнкүсүн +1...+6°C
Бишкек шаарында күндүз +25...+27°C, түнкүсүн +9...+11°C
Борбор калаада жаан-чачын болушу күтүлбөйт.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















