super.kg logo
  Саясат  

Президент айылдагы кээ бир жашоочулар Казакстандын карапайым элинен жакшы жашарын айтты

 

Бишкекте бүгүн, 3-апрелде Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Казакстандагы жана Кыргыз жериндеги карапайым элдин жашоосундагы айырмачылыктарга токтолду.

Мамлекет башчы КМШ өлкөлөрү боюнча статистикалык маалыматта ИПДнын көрсөткүчү жашаган калктын ар бирине эсептегенде Кыргыз өлкөсү бир гана Тажикстанды артка калтырганын айтып: "Казакстанды айта турган болсок, президент Н.Назарбаевдин саясаттагы көрөгөчтүгүнөн азыр ИПДнын көрсөткүчү боюнча алар КМШ өлкөлөрүнүн арасында лидер болушууда. Бизде ички дүң продукциянын көлөмүн өлкөдө жашаган калктын ар бирине эсептегенде 9 эсе аз болууда. Казакстанга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси бир адамга алып караганда 7 эсеге аз.

Ага ылайык, биздин жарандар казак элине салыштырмалуу 7-9 эсе начар жашашы керек эле. Бирок биз эки өлкөнүн карапайым элдеринин жашоосунда айырма бар экенин билебиз. Көпчүлүк айылдарда адамдар коңшу мамлекеттегилерге салыштырмалуу жакшы жашашат", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: