super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарынын жылуулук тутумун жакшыртууга Дүйнөлүк банк 400 миӊ доллар каражат бөлөт

 

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети жылуулук менен жабдууну жакшыртуу боюнча долбоорун даярдоо үчүн грантты берүү тууралуу өкмөт менен Дүйнөлүк банк ортосундагы келишимге макулдук берди.

Макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк Бишкек шаарынын жылуулук тутумун жакшыртуу боюнча техникалык документтерди иштеп чыгуу багытында 400 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлмөкчү. Андан сырткары жылуулук тутумунун өзүн жакшыртууга 25 миллион доллар жумшалмакчы.

КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын суу түтүктөрүнүн тешилген-тешилбегенин текшерүүгө эле 25 миллион доллар каражат сарпталарын сынга алды. "Бизде мыкты адистер бар, түтүктөрдүн жарамдуулугун ошончо каражат коротпой эле текшерип берет. Мурда алынган ушундай майнапсыз жумшалган каражаттардын жоопкерчилигин ким тартат?" - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: