"Ала-Тоо" аянтында Кыргыз өлкөсүндөгү тарыхый окуяларга арналган сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат
Бишкектеги "Ала-Тоо" борбордук аянтында Кыргыз өлкөсүндөгү тарыхый окуяларга арналган сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 3-апрелде билдирди.
"Аталган аянтта Эл аралык аялдар күнүнө жана Ноорузга карата сүрөт көргөзмөсү болуп өткөн. Бул ирет көргөзмө 2010-жылдагы 7-апрелде болгон окуяны белгилөөгө арналат. Анда заманбап сүрөтчүлөрдүн Кыргыз өлкөсүнүн акыркы жылдардагы маанилүү окуялары жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар хронологиялык ырааттуулук менен көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















