super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Шаардык муниципалитетте жер үстүндөгү өтмөктөрдү куруу долбоору иштелип чыгууда

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы соода борборлоруна жакын, шаардын кыймылдуу көчө кесилиштеринде лифт жабдууларын орнотуу менен жер үстүндөгү өтмөктөрүн куруу долбоорун иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорлор кыймыл көп көчөлөр боюнча иштелүүдө:

- Шабдан баатыр – Мамбетов көчөлөрү ("Мадина" соода базары);


- Жибек Жолу жана Муса Жалил көчөлөрүнүн ортосундагы Курманжан датка ("Аламүдүн" соода базары);


- Чүй проспектиси менен Шопоков кесилиши ("ЦУМ" соода борбору);


- Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөсүнүн кесилиши ("Ош базары" соода базары).

2017-жылга карата иш пландарына ылайык, Шабдан баатыр - Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишинде, Жибек Жолу жана Муса Жалил көчөлөрүнүн ортосундагы Курманжан датка көчөсүндөгү эки өтмөктү куруу пландалууда. Сынактык арыздарды ачуу үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде өткөрүлөт. Өтмөктөрдү куруу иштерин 2017-жылдын 31-августуна аяктоо пландалып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
04.04.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
een sonun bolmok pewehoddorgo da,aidoochularga da
04.04.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөттөгүдөй болсо кана өтө кооз көрүнөтго. Жер үстү өтмөкө караганда жер асты өтмөгү жакшы менимче
05.04.2017. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adi.ali94,жер асты отмогу женил болот далдайган бул немеден тууру айтасыз
05.04.2017. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул болбойт чындыгында чон эне чон аталарга кыйын болот элестетсенер озунор деле кооз коруно берет козунорго чыгып тушкончо чарчап каласын ,коруп,билип журом башка мамлекетте деле,анын акчасына жолдорго жакшылап конул буруп ,светафор камера орнотуу керек зебраларды туздоп койсо ошол жакшы эл учун ,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: