super.kg logo

"Альянс Алтын": "Жер-Үйдү" иштетүүдө социалдык жоопкерчилик жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу принциптери так сакталат"

 

Үстүбүздөгү жылдын 31-март күнү Талас шаарында “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү укугун утуп алган “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому эл менен жолугуп, 2016-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгын, 2017-жылга пландаарын маалымдады. Ага облус башчысы Дайыр Кенекеев, Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев, Экологиялык-техникалык инспекциянын, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин, Экономика министрлигинин өкүлдөрү, Талас облусунун тургундары катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өкмөт өкүлдөрүнө жана компания жетекчилерине кызыктырган суроолорун беришип, жооп алышты. Айрымдары экологиялык маселерге кызыгышса, айрымдары алтын кенди иштетүү зарылдыгын айтышты. Ал эми “Альянс Алтындын” башкы директору Михаил Шубин алтын кенди иштетүүдө социалдык жоопкерчилик, өндүрүштүк коопсуздук жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу принциптери так сакталарын баса белгиледи.

ЛИЦЕНЗИЯЛЫК ТӨЛӨМ

2015-жылы “Альянс Алтын” ишканасы “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү укугуна ээ болуп, Кыргыз өкмөтүнө 100 миллион АКШ долларын төлөп берген. Өлкө башчысынын тапшырмасы менен лицензиялык төлөмдүн эсебинен 100 жаңы мектеп салуу жана 100 мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери каралган. Алардын алды курулуп бүтүп, ишке берилди. Андан тышкары Талас облусуна 170 миллион сом, Талас районуна 170 миллион сом, Бекмолдо айыл өкмөтүнө 170 миллион сом бөлүнгөн. Анын негизинде областтык, жана Талас райондук өнүктүрүү фонддору түзүлүп, социалдык-экономикалык долбоорлорду каржылоодо.

СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК

“Альянс Алтын” ишканасы социалдык-экономикалык жоопкерчилигин натыйжалуу аткаруу максатында 2015-жылы “Бакубат Талас” фондун түзгөн. Алгачкы 3 жылда фондго 100 миллион сомдон, кийинки жылдары 150 миллион сомдон бөлүнөт. Анын 70 пайызы 8 пайыздык үстөк менен кичи жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө берилсе, 30 пайызы социалдык долбоорлорго кайтарымсыз берилет. Алсак, 2016-жылы аталган фондго бөлүнгөн 100 миллион сомдун эсебинен 242 жаран 67 миллион 210 миң сом ишкерликти жана айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытында колдоо алса, жалпы суммасы 16 миллион 152 миң сомдук социалдык долбоорлор каржыланган. Андан сырткары ар кандай майрамдарда компания өкүлдөрү жергиликтүү тургундарга материалдык жардам көрсөтүп, маанилүү иш-чараларды ар тараптан колдоого алып келет.

1000ге ЖАКЫН ЖУМУШ ОРДУ ТҮЗҮЛӨТ

“Жер-Үй” алтын кени 1968-жылы ачылып, 1980-жылдардын аягында курулушу башталган. Бирок союз таркап кетип каражаттын жоктугунан улам токтоп калган. Кийин бир канча чет элдик инвесторлор кенди иштетүү кызыкчылыгын көздөп, лицензия ээлери байма-бай алмашып турган. “Жер-Үй” кенинин баланстык кору 88 тонна алтынды түзөт. “Альянс Алтын” ишканасынын башкы директору Михаил Шубиндин айтымында, курулуш иштери башталуу алдында турат. Комбинат 2019-жылдын башында толук кандуу иштеп баштайт. Анын ишке кириши менен областа 1000ге жакын жумуш орду түзүлөт. Ишкана толук кандуу ишке кирген учурдан баштап жумушчулардын дээрлик 90 пайызы Кыргыз Республикасынын жарандары болушат.


кошулду





"Альянс Алтын": "Жер-Үйдү" иштетүүдө айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылабыз"

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.04.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик ишинерге
04.04.2017. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы болуптур, эми эртерээк иштеп башташса экен, жумуш ордулары болот эле.
04.04.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кичине болсо да Таласстыктарга пайда болот экен. Эн негизгиси элдерге жумуш табылат экен. Жаштарды алышса жакшы болот
04.04.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн маанилуусу материалдык жардам корсотуп жатышыптыр, дагы ошентип жардамын айабашсын!!!Иштерине ийгилик!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: