super.kg logo
  Саясат  

Алмамбет Шыкмаматов Индира Жолдубаевага: “Ооз ачып койгон саясатчыларга кылмыш ишин козгогонду токтотпойлубу”

 

“Ооз ачып койгон саясатчыларга кылмыш ишин козгогонду токтотпойлубу”, - деп бүгүн, 4-апрелде парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышында “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов башкы прокурор Индира Жолдубаевага кайрылды.

Депутаттын айтымында, “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаев Максим Бакиевдин мүлкүн иликтеген депутаттык комиссиянын алдын ала жыйынтыктарын айткандан кийин ага карата кылмыш иши жанданган.

“Канат Исаевдин Максим Бакиевдин мүлктөрүн иликтөө демилегеси болбосо, Скрябин көчөсүндөгү 45 дарегиндеги жер үчүнчү колдорго өтүп кетмек. Бул жерде саясат бар экени шектелип жатат. Эмнеге 9 жылдан бери козголгон эмес. 2005-2010-жылдары ушундай окуядан улам ызы-чуу болгон. Түшүнүп турам сиздин демилге эмес экенин, бирок каршы чыгышыңыз керек болчу”, - деди депутат.

Индира Жолдубаева Скрябин көчөсүндөгү жер боюнча кылмыш иши козголгонун белгилеп, акыйкат иликтөө жүргүзүлө турганын айтты.

Эске салсак, Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: