Чубак Жалилов: "Президенттикке талапкерлигимди коюшум толук мүмкүн" (аудио)





Бүгүн, 4-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын VI курултайында муфтий болуп Максат Токтомушев шайланса, Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп кайрадан Абдышүкүр Нарматов шайланды. Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөсү Чубак Жалилов кабарлады.
Ошондой эле Чубак Жалилов анын президенттикке талапкерлигин коёру тууралуу божомолдор айтылып жатканына "Кыргыз жараны катары президенттикке талапкерлигимди коюшум толук мүмкүн, бирок бул "коюп жатам" дегенди билдирбейт" деп кыска жооп берди.
"Ал эми Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдышүкүр Нарматов шайланды. Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү өзгөртүлдү", - деди Ч. Жалилов.
Муфтийликке талапкерлигин коюп, кайра алып салган Ниязалы Арипов ага эч кандай кысым көрсөтүлбөгөнүн айтты:
"Менин талапкерлигимди Дин аалымдары көрсөтүшкөн. Ислам дининде ынтымак жана биримдик башкы орунда. Максат Токтомушевдин иштегени канааттандырат, андыктан ал кайрадан муфтий болду. Мага талапкерлигимди алып салуу үчүн эч кандай кысым көрсөтүлгөн эмес".
кошулду
Чубак Жалилов: "Президенттикке талапкерлигимди коюшум мүмкүн"

Болочок президент жонундо жаздым эле,АША туркчо суйлогонун билем бирок кыргызча менен орусчаны деле жарытып суйлогонун уккан жокмун.Костьюмдарын айтпай эле коёюн.Кыскасы аны корсоткондо эле мен телевизорду башка каналдарга которуп салам!
да карындашыны
1. Адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
2. Жеке айтышууларга тыюу салынган! Ар кимдин жеке пикири, көз карашы бар, бир-бириңердин пикириңерди сыйлоону сунуштайм.
3 күнгө БАН!
Экинчиден: Комментарийлерди окуган сон мамлекетти башкарууну билген, тушунгон адамдар эбак эле "комментатор" болуп алган экен деген ойлор келет. Жумушунду кыл, жашоонду жаша. Убагы келгенде шайлагын келген адамды шайлап кой. Кнопочный баатыр болуп олтура бербей.