super.kg logo

Фейсбукта кызыктуу жаңылыктарды гана көрсөтүүчү жаңы функция пайда болору күтүлүүдө

 

Фейсбукта акыркы жаңылыктардын кызыктууларын гана көрсөтүүчү жаңы функция пайда болмокчу. Башкача айтканда, аталган социалдык тармактын мобилдик тиркемесинин өйдө жагында жайгашкан ракетанын белгиси аркылуу колдонуучу досторунун, баракчалардын кызыктуу постторун гана көрө алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Жаңы алгоритм Instagram Explore функциясына окшош иштейт. Ал колдонуучулардын кызыккандарына туура келген постторду автоматтык түрдө тандап, окурманга сунуштайт. Бул функция аркылуу колдонуучу өзү "жакты" белгисин баскан баракчалардын гана эмес, башкаларынын дагы кызыктуу постторун көрө алат. Фейсбук компаниясынын өкүлүнүн айтымында, жаңы функция аркылуу "жакты" белгисин көп чогулткан, талкууга алынган жана көп бөлүшүлгөн жаңылыктар тандалып колдонуучуларга сунушталат", - деп жазышат басылмалар.

ММКлар баса белгилешкендей, учурда алгоритм Улуу Британияда жана Хорватияда тестирлөөдөн өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: