super.kg logo
  Саясат  

"Башкы прокуратура өз иши менен алектенбей, күчүн саясатка кетирип жатат" дейт Аида Салянова

 

Бүгүн, 4-апрелде парламентте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова башкы прокурор Индира Жолдубаеванын отчётуна канааттандырарлык эмес деп добуш берди.

Ал билдиргендей, 2016-жылы мыйзам бузуулар болгон. Депутат Белиз башталган жооп жок, жоопкерчиликке тартылчу адамдар тартылбаганын айтты.

“Башкы прокуратура өздөрүнүн иштери менен алектенбей жатат. Терроризм, экстремизм менен күрөшпөй, күчтөрүн саясатка кетиришүүдө”, - деди ал.

Мындан тышкары Салянова бүгүнкү күндө Конституция Башкы прокуратура тарабынан бузулуп жатканын айтты. "Мисалы, Башкы прокуратуранын президенттин кадыр-баркын коргоп сотко берүүгө укугу жок. Силер коомчулуктун, депутаттын эскертүүсүнө карабастан Конституцияны бузуп жатасыңар", - деди ал.

Комитеттин мүчөлөрү Башкы прокуратуранын отчётун колдошту. Буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети дагы колдоп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: