super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Жанарды Канжар жыгабы?

 

Бүгүн, 4-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн жардырууга Ош шаарында туулган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов шектелүүдө. Эске салсак, кечээ аталган калаанын метросунда бир жигит өзүн жардырып, катталган жардыруудан 14 адам каза таап, 50дөй киши жаракат алган. Кыргыз УКМКсы жардырууну уюштурган делип жаткан жанкечти террорчунун Кыргыз жеринде туулганын тастыктады. Бирок жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бири “24.kg” анын 2011-жылы Орусиянын жарандыгын алган деген маалыматты таратты. Азыркы тапта Акбаржон Жалиловдун туугандары УКМКнын кызматкерлери тарабынан суракка алынып жатканы маалымдалды. Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жардыруунун версиялары боюнча түрдүү жоромолдорду жазышууда. Бирок азырынча террорчул уюмдардын бири дагы, анын ичинде “Ислам мамлекети” да жардырууну биз уюштурдук дей элек. 2010-жылдагы Июнь окуясынан кийин өлкөнүн түштүк аймагынан чет жакка кеткен өзбек улутунун өкүлдөрү көп болгон. Андан тышкары Кыргыз укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Кыргыз жеринен Сирияга аттанган жана ал жакта согуштук аракеттерге катышып жүргөндөрдүн басымдуу бөлүгү да Ош жана Жалал-Абад облусунда туулган, өзбек улутундагы тургундар болуп саналат. Эч ким эч бир коркунучтуу жагдайдан корголгон эмес. Андыктан Санкт-Петербургдагы теракт Кыргыз коопсуздугу үчүн жооп берген органдарга дагы бир ирет кагылган коңгуроо болушу шарт...

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаевдин мандат чыры акырындап пара чырына айланды. Прокуратуранын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин Жанар Акаевге карата кылмыш ишин козгоо керек деп сот отурумунда сүйлөгөн талабы жакынкы келечекте депутатка каршы берилген арыз көрсөтмө болуп калышы ыктымал. Канжар Кадыралиев Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы КСДП фракциясынан депутат болгон Ыргал Кадыралиеванын, ошондой эле маркум депутат Санжар Кадыралиевдин бир тууганы. 2014-жылы Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери болуп иштеп турган Канжар Кадыралиевге бир канча жаран арызданып, кийин ага карата Башкы прокуратура “бейбаштык”, “өзүм билемдик”, “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда үй камагында болгон Кадыралиев сот процессинде Акаев журналист болуп иштеп жүргөн мезгилинде анын туугандарынан асылып жатып акча сураганын айткан. Кадыралиевдин жактоочусу Икрамидин Айткуловдун айтымында, Акаевдин пара алганы боюнча далилдер иликтөөчү органга өткөрүлүп берилет. Ал эми депутат Жанар Акаев окуянын мындай өңүттө өнүгө баштаганына “Кадыралиев ушундай жол менен сот жоопкерчилигинен качууга аракет кылып жатат” деп жооп кылды. Ошондой эле бүгүн Кадыралиевге нааразы жарандар маалымат жыйын өткөрүп, анын бири “бизди журналист Жанар Акаевге пара берди деген маалымат жомок” деп чыкты.

Соңку 3 жылдан бери чекит коюлбай келген Канжар Кадыралиевдин ишинде эмне үчүн эми гана Жанар Акаевдин ысымы калкып чыкты? Же Кадыралиев туугандарынан Акаевдин акча талап кылганын азыр эстедиби? Анын үстүнө, Жанар Акаев журналист болуп иштеген мезгилден бери ал президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалып, кийин КСДПнын тизмеси менен алдынкы ондукта Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып депутат болуп келди. Бул аралыкта Акаев “былык иштери барбы-жокпу?” деген электен, тыкыр текшерүүдөн өткөн эмес дегенге ишенүү кыйын. Кадыралиев Жанар Акаев КСДП фракциясынан чыгарылган соң абалдан ушундай формада пайдалангысы келип жатабы? Бул окуя бир кездеги журналист, азыркы таптагы депутаттын саясий эркине сыноо болуп турат...

Кыргыз-түрк окуу жайларынын аты өзгөрдү, ал эми затычы? Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын аягындагы маалымат жыйынында айткандай, Кыргыз жериндеги “Себат” лицейлеринин аталышы “Сапат” болуп өзгөртүлүп, ушул эле билим берүү мекемелеринин катарында болгон “Ататүрк Ала-Тоо” университети “Ала-Тоо” болуп өзгөртүлдү. Ошондой эле аталган жогорку окуу жайдын ректору болуп Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жангороз Каниметов дайындалды. Буга чейинки ректору Осман Гөкалп иштөө мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу кызмат ордун бошоткон. Эске салсак, былтыркы жылы түрк бийлиги кыргыз бийлигине өлкөдөгү диний аалым Фетхуллах Гүлен негиздеген деген билим берүү мекемелерин жабуу саламын жиберген. Бирок мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев сөз болгон кыргыз-түрк окуу жайларын жабууга негиз жоктугун, ал өлкөдөгү сапаттуу билим берип жаткан окуу жайлар экендигин, аталышы гана өзгөртүлөрүн айтып жооп кылган. Көрнөгүн өзгөртүү, албетте, кыргыз-түрк мамилесине жылыш алып келбеши мүмкүн. Бирок түрк бийлигинин койгон талаптарына карай кадам таштоо башталганы байкалууда...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: