super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кытайлык актёр Жеки Чандын кызы өз өмүрүнө кол салган делип ооруканага жеткирилди

 
Жеки Чан менен Элейн Нг

Белгилүү кытайлык актёр Жеки Чандын никесиз төрөлгөн кызы, 18 жаштагы Этта Нг өз өмүрүнө кол салган делип ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кечээ, 4-апрелде жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда Этта акыркы кезде депрессиядан жабыркап жүргөн. 2-апрелде аны Тайландда достору менен эс алуудан соӊ өз өмүрүнө кол салган делип ооруканага жеткиришкен.

Эттанын белгилүү атасы менен болгон мамилеси оӊой болгон эмес. "Мисс Азия-1990" сынагынын жеӊүүчүсү болгон Элейн Нг менен Жеки Чандын сүйүү романы көпкө созулбаган. Жеки бир нече ирет маектеринде ал мамилени жашоосундагы эӊ чоӊ катасы болгонун айтып келет. 1999-жылы төрөлгөн кызын да актёр тааныган эмес. Буга Этта да ушундай эле жооп узаткан. 15 жашында ал Чанды белгилүү адам деп эсептээрин, ага эч кандай сезими жок экенин билдирген.

"Ооба, ал менин атам болушу мүмкүн, бирок андан башка эч нерсе жок. Ал менин жашоомдо жок, болгон эмес, болбойт дагы. Жеки Чан мен үчүн болгону атактуу актёр", - деп билдирген маектеринде Этта.

Анын атасы менен эле эмес, апасы экөөнүн ортосундагы мамиледе бир топ көйгөйлөр бар экени айтылат. Экөөнүн ортосундагы үй-бүлөлүк чырларга бир нече жолу полиция кийлигишкен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
05.04.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайран Жеки кылгылыкты кылгаг экен
05.04.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чанга окшош экен кызы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: