Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелген Акбаржон Жалиловдун ата-энеси Орусияга барышты



Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелген Акбаржон Жалиловдун ата-энеси Орусияга барышты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка караганда Жалиловдун ата-энеси Ош шаарынан Санкт-Петербургга 5-апрелге караган түнү учуп кетишкен. Алар метродогу жардырууга байланыштуу Орусиянын тергөө комитетинин кызматкерлери тарабынан суракка алынышат.
Айта кетсек, жардыруу 3-апрель күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30 чамасында (Бишкек убактысы боюнча 17:30) Санкт-Петербургдагы метродо болгон. Анын кесепетинен 14 адам каза болуп, 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Метродо болгон жардырууга Кыргыз Республикасында туулган, өзбек улутундагы Орусиянын жараны, 1995-жылы туулган Жалилов Акбаржон Акрамжанович шектелүүдө. Анын ата-энеси Ош шаарындагы кичи райондордун биринде жашаары белгилүү болгон. Ал 2011-жылы ата-энеси менен бирге Орусияга барып, ошол жакта калып калган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, кылмышка шектүүнүн Кыргыз Республикасында туулганын тастыктап, туугандары суракка алынып жатканын билдиришкен болчу.


1. Башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат!
2. Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.