АКШнын биринчи айымы Меланья Трамптын алгачкы расмий портрети интернетте кескин сынга кабылды




АКШнын жаӊы президенти Дональд Трамптын үй-бүлө мүчөлөрү ар убак коомчулук тарабынан сынга алынып, кээде түрдүү шылдыӊдоолорго кабылып келет. Ак үйдүн расмий сайтына жайгаштырылган өлкөнүн биринчи айымы Меланья Трамптын алгачкы расмий портрети жакшы пикирлерди жаратуунун ордуна интернет колдонуучулардын кескин сынына кабылды. Бул тууралуу кечээ, 4-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын жаралышына биринчи айымдын 25 карат салмактагы бриллиант шакеги себеп болгон. Алардын пикиринде, президенттин үй-бүлөсү байлыктарын көрсөтпөшү керек. Билдирүүлөрдө шакекти сатып, кайрымдуулук иштерине жумша деген кеӊештер айтылган.
Ошондой эле анын жүзүндө фотошоптун көп экендиги да айтылып, аны мурунку биринчи айым Мишель Обаманын алгачкы расмий сүрөтү менен салыштырышкан.
Белгилей кетсек, биринчи айымдын сынга кабылышына себепчи болгон шакекти Дональд аялына бир нече жыл мурун белек кылган. Баасы 1,5 миллион доллар турары айтылат.





1 |