super.kg logo
  Саясат  

Парламентте 2 гана депутат Садыр Жапаровдун маселесин көтөрдү

 

Парламенттин 5-апрелдеги жыйынында 2 гана депутат камакта отурган Садыр Жапаровдун маселесин көтөрдү. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов фракция лидерлерине Жапаровдун абалын көрүп чыгууну сунуштады.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев айыпталуучуга мамлекет тараптан туура мамиле кылуу зарылдыгын айтты.

"Калыстык үчүн айтып коёюн. Садыр Жапаров 3 жана 5-чакырылышта Жогорку Кеӊешке депутат болгон. 3-чакырылышта элдин добушу менен бир мандаттуу округдан депутаттыкка шайланган. Сот анын баш коргоо чарасын №1-СИЗОго деп аныктаганы туура эмес. Ар кандай жагдай болушу мүмкүн. Кылмышкерлер менен бирге отургузуп, ал жерде эмне болгонун билбейбиз. УКМКнын тергөө абагына камаса болот эле. Ал мамлекеттик ишмер, мамлекет тараптан мамиле туура болушу керек", - деди Төрөбаев.

Буга чейин Жапаровдун окуясы боюнча парламентти чукул жыйынга чогулуу, курчуп бараткан кырдаалга реакция жасоо чакырыктары айтылып жаткан. "Соӊку окуяларга парламент үн катпай жатат" деген сындар көп айтылууда.

Эскерте кетсек, 2-апрелде Садыр Жапаров №1-тергөө абагында өз колун жана моюнун кескени айтылып, Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилген. 4-апрелде Жапаровдун денеси кан болуп, эсин жоготкон абалда жаткан сүрөтү жарыяланып, коомчулукта, социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Ушул эле күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаровдун абалы жакшы экенин билдирип, экс-депутаттын видеокайрылуусун жарыялады. Анда Жапаров ЖАМКнын кызматкерлерине нааразычылыгы жок экенин билдирип, шок абалында өзүнө кол салганын айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: