super.kg logo
  Саясат  

Президенттик аппарат: Текебаевдин "Атамбаев 2010-жылдан кийин байыды" дегени негизсиз экенин документтер тастыктайт"

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-апрелде башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчы башкы прокурорго 2003-жылы январь айында Измир шаарындагы ишканада ээлик кылган акцияларын түркиялык ишкерге 45 миллиард лир же ошол жылдагы курс боюнча 35 миллион долларга саткандыгын далилдөөчү документти берди. Белгилүү болгондой, сатуу боюнча бүтүм 2003-жылы 31-январда Түркиянын тийиштүү маалымат басылмасына жарыяланган.

"Материалдар Өмүрбек Текебаевдин "Атамбаевдин үй-бүлөсүндө акча 2010-жылдан кийин гана пайда болду" деген жалган-жалаа экенин документ түрүндө далилдейт" деп билдирет президенттик аппараттын басма сөз кызматы.

"Эмне үчүн киреше булактарын бир гана Атамбаев далилдеши керек? Текебаев, ошондой эле анын бир катар партиялаштары жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү дагы өздөрүндө жана өздөрүнүн жакын туугандарында 2010-жылы 7-апрелден кийин пайда болгон көп миллиондуу кирешелери тууралуу маалыматтарды берүүгө тийиш. Муну Президент менен жолугушууларда 2010-жылы 7-апрелде "Ала-Тоо" аянтында курман болгондордун ата-энелери менен балдары, ошол кезде оор жаракат алган жарандар талап кылып жатышат. Муну өлкө коомчулугу талап кылып жатат! Башкы прокуратура Жазык кодексинин мыйзамсыз баюу тууралуу тийиштүү беренелерин эске алууга тийиш", - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: