КҮНСЕРЕП: Дүйнө теракт болгондо Кыргызды эстөөнү адатка айлантты
Бүгүн, 5-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеӊеш мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тегерегиндеги кырдаалды талкуулоодон карманууда. Парламентти кезексиз жыйын чакырып, түзүлгөн кырдаалды ачык талкуулоо сунушу Жапаровдун окуясы боюнча эле 2 жолу көтөрүлдү. Биринчиси, 25-мартта Жапаров УКМК тарабынан кармалып, аны колдоп чыккандар күч менен таратылгандан кийин айтылса, экинчиси, 2-апрелде СИЗОдон Жапаровдун денеси кескиленгени белгилүү болгондон кийин айтылды.
Спикер парламентти кезексиз жыйынга чакыруу укугун пайдаланбай, себебин түшүндүргөн да жок. Кызыгы, Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында деле Жапаровго тийиштүү соӊку окуялар талкуу жарата алган жок. "Ата Мекендин" депутаты Алмамбет Шыкмаматов фракция лидерлерин Жапаровдун абалынан кабар алууга чакырып, жок дегенде Жапаровго жубайынын кирип чыгышына мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштады. Оппозициялык "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мурдагы кесиптешин УКМКнын тергөө абагына эмес, Бишкектеги №1-тергөө абагына камалганын сындады. Ошентип бир кездеги депутат, 2010-жылкы шайлоодо парламентте эӊ көп мандат алган партиянын 3 лидеринин биринин коопсуздугуна бүгүнкү парламентте анча кабатырлануу байкалбайт. Спикер Чыныбай Турсунбековдун “бул боюнча комитет тийиштүү иштерди жасоодо” деген жообунан кийин Жапаровдун маселеси кайра көтөрүлгөн жок. Жапаровдун коопсуздугу боюнча парламенттин жыйынынан кызуу талаш-тартышты күткөн, көргүсү келгендердин үмүтү оӊунан чыкпай калды.
Мурдагы спикер Адахан Мадумаров какшык-чыны аралаш “өлкөдө Жогорку Кеӊеш деген орган бар эле” деп азыркы парламентти жектеди. Айтымында, мындай жымжырттык, кооптуу окуяларга саясатчылардын, Кыргыз интеллигенциясынын ак же көк деп үн катпаганы абдан коркунучтуу жагдай. Жапаровдун канжалаган сүрөтү интернетке тарагандан көп өтпөй Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы анын абалы жайында экенин айтып билдирүү жасап, видеокайрылуусун көрсөттү. Анда Жапаров шок абалында өзүнө кол салганын айтканын көрүүгө болот. Ошентсе да коомчулук, анын ичинде экс-депутаттын жактоочулары менен жакындары Жапаровдун өзүнө-өзү кол салды дегенге анча ишене албай турат. Ушул күнгө чейин СИЗОго камалгандардын ал жердеги шартка, абак кызматкерлеринин жасаган мамилесине даттанып, жалпы элге кайрылуу жасаганын коомчулук шыр эстей алышы күмөн. Эгерде Жапаров видеокамерага карап, “мени кыйнап жатышат” дечү болсо, анда ал видеотасма элге көрсөтүлөт беле?..
Санкт-Петербургдагы терактка шектүү адам Кыргыз Республикасынын жараны эмес экенин Кыргыз тарап тастыктады. Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги кылмышка шектелип жаткан Акбаржон Жалилов Кыргыз жеринде туулганын тастыктап, бирок эч качан Кыргыз паспортун албаганын айтып маалымат таратты. Мекемеге таянсак, ал 2011-жылы биринчи ирет Орусия паспортун алган, 6 жылдан бери Орусиянын жараны эле.
Парламент спикери Чыныбай Турсунбеков терактка шектүүгө тийиштүү маалыматтарды этияттап берүүгө чакырып, айрым жергиликтүү ММКларды сындады. “Биздин айрым интернет басылмалары “кыргызстандык” деп жатканда Орусиянын “Биринчи каналы” “орто азиялык” деп жалпылап айтып жатты” деди төрага. Орусиялык басылмалар да кылмышка шектүүнүн Орусиянын жараны экенине эмес, Кыргыз мамлекетинде туулганына басым жасап жатышат. Мындай мамиленин Орусиядагы Кыргыз мигранттарына терс таасири тийиши мүмкүн. Кыргыз мамлекетинде туулуп, кийин өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын ири терактта аты аталган учурлар мурда да болгон. 2013-жылы АКШнын Бостон шаарында ири жардыруу болгон. Кылмышка шектелген бир туугандардын кичүүсү Жохар Царнаев Кыргыз жеринде туулганы, 2012-жылы АКШ жарандыгын алганы белгилүү болгон эле. Бул окуяга тиешеси бар делген дагы бир жаран Хайрулложон Матанов Кыргыз жараны экенин, ага АКШ тарабынан качкын статусу берилгенин Тышкы иштер министрлиги тастыктаган. Ал эми Кыргыз жарандарынын атын тактала элек маалыматтардын негизинде терроризм чуусуна аралаштыруу окуялары да бар. 2016-жылдын 31-декабрынан 1-январга караган түнү куралчан адам Стамбулда түнкү клубга кол салган. Кырсыктан көп өтпөй Түркиялык басылмалар шектүү адам Кыргыз мамлекетинин жараны болушу мүмкүн экенин жазышып, аягында маалымат жалган болуп чыккан. Бул үчүн Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчисинин “түркиялык басылмаларды Кыргыз элинен кечирим суратам” деген аракетинен майнап чыккан жок...
Кыргыз жеринде сот "террордук" деп тааныган уюмдардын тизмеси эми мезгил-мезгили менен жарыяланып турмакчы. Тийиштүү мыйзам бүгүн Жогорку Кеӊеш тарабынан кабыл алынды. Жаштарды радикалдык топторго азгырган уюмдар көбөйүп кеткенин, мыйзамдын максаты жаш муунду ошол азгырыктан коргоо экенин айтышты демилгечилер. Тагыраагы, бул диний жактан жаштарга кайсы жол туура, кайсынысы туура эмес дегенди жеткирүү аракети.
Расмий маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө өлкөдө сот тарабынан "террордук" деп таанылган 20 уюм бар. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын расмий сайтына жайгаштырылган маалыматка таянсак, тизмеден "Ислам мамлекети", "Аль-каида", "Хизбут-тахрир" өӊдүү уюмдарды көрүүгө болот. Диний топтордун терс аракеттеринен жарандарды коргоо маселеси мындан мурунку парламенттин да көӊүлүн бурган. Жогорку Кеӊештин 5-чакырылышынын депутаты Турсунбай Бакир уулу “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, парламент, президент тарабынан колдоо тапкан. Ага ылайык, 2014-жылдан тарта өлкөдө экстремисттик уюмдардын атрибуттарын же символикаларын ММКлардан пропагандалоого тыюу салынган. Кыргыз жеринен Сирияга агылгандардын көпчүлүгү диний сабатсыздыктан, билбестиктен, азгырыктан улам кетип жатканы айтылып келе жатат. Андыктан терроризм менен күрөштү күчөтүү учурдун талабы. Маселе демилгени ара жолго таштабай аягына чыгарууда, элге туура жеткирүүдө...
кошулду

