super.kg logo
  Саясат  

Энергохолдинг ишканасынын директору: “Жыл башында акылдуу эсептегичтер туура эмес эсеп көрсөткөн учурлар болгон”

 

Бүгүн, 5-апрелде парламентте "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов акылдуу эсептегичтер туура эмес эсеп көрсөтүп жатканын айтты.

Белгилүү болгондой, эл өкүлүнө шайлоочулар туура эмес эсептен улам туумду төлөгүлө деген талап болуп жаткандыгын айтып кайрылышкан.

Улуттук энергохолдинг компаниясынын директору Айбек Калиев жаңы жылдын башында акылдуу эсептегичтер туура эмес эсеп көрсөткөн учурлар болгонун билдирди.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында акылдуу эсептегич боюнча "Кыргызтелеком", "Сапатком" жана башка уюлдук компаниялар менен келишим түзгөнбүз. "Сапаткомдо" 10 миңдей абонент болгон. "Сапаткомду" "Кыргызтелеком" өчүрүп койгон. Ошол учурда сигнал жетпей эсептегичтер токтоп калган болчу. Анда акыркы эсеп кандай болгонун билбей калганбыз. Ошол себептен кайра эсептөөдө эсеп көбүрөөк чыгып калган. Ал эми акылдуу эсептегич турган жерде туум болушу мүмкүн эмес. Акча төлөнбөй өчүрүлгөн болсо, ал кайра акчаны төлөмөйүнчө күйбөйт", - деди ал.

Учурда парламентте "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсынын энергетикалык компанияларында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүүнүн абалы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: