super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы көпүрөлөр боюнча атайын комиссия түзүлдү

 

Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында эки көпүрөнү сел алып, кулап калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Аксы районунун акиминин биринчи орун басары Талант Эмилбек уулу SUPER.KG порталына билдирди.

"Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү менен көпүрөнү сактап калуу аракеттери көрүлүп жатат. Бүгүн район акими көпүрөнү жеринен көрүү үчүн жөнөп кетти. Кыска аралыкта коопсуздукту камсыздоо иштери жүргүзүлөт. Эгерде көпүрөнү жана анын жээгин суу алып кетсе, анда сел айылды аралап чоң чыгым болмок", - деп билдирди акимдин биринчи орун басары.

Учурда атайын комиссия түзүлүп текшерүү иштери жүргүзүлүп, кандай чара көрүлөрү каралууда.

Эскерте кетсек, 4-апрелде "Элдик кабар" рубрикасына окурман Аксы районундагы Кызыл-Жар менен Шамалды-Сайды бириктирчү көпүрө аянычтуу абалда экенин кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.04.2017. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул копурлну ондош керек срочно ато алтын кенден кен ташыган чон камаздар откондо жаман опасный болуп калыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: