super.kg logo

Каржы министрлигине 2017-жылдын үч айында жарандар насыяны жабуу, ипотека, социалдык төлөмдөр боюнча кайрылышкан

 

2017-жылдын I кварталында Каржы министрлигине 187 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтына 4-апрелде жарыяланды.

Маалыматка караганда жарандар насыяларды жабуу, насыяга үрөн берүү, ипотекалык насыя боюнча ссудаларды бөлүү жөнүндө кайрылышкан. Мындан сырткары социалдык мүнөздөгү маселелерде мектептерди, бала бакчаларды, спорт залдарды курууга, жер титирөөлөрдүн натыйжасында бузулган үйлөрдү калыбына келтирүүгө каражаттарды издеп табуу, мугалимдердин эмгек акыларын төлөө, аскер кызматчыларына пенсияларды, баатыр энелердин пенсияларына кошумча төлөмдөрдү чегерүүлөрдү кароо боюнча кайрылуулар түшкөн.

Аймактарга бөлүп караганда Бишкек шаарынан - 60, Ош облусу - 34, Баткен - 11, Жалал-Абад - 30, Чүй - 14, Ысык-Көл - 7, Талас - 8 жана Нарын облусунан 23 кайрылуу болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: