WhatsApp аркылуу мобилдик төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болору айтылууда
WhatsApp тиркемесинде колдонуучулар арасында мобилдик төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүн болгон жаңы функция пайда болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде чет элдик басылмалар жазышты.Маалыматка караганда жаңы мүмкүнчүлүк жакынкы 6 айдын ичинде Индиядагы колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болот. Ушул жылдын февраль айында WhatsApp`тын негиздөөчүлөрүнүн бири Брайан Эктон компания тиркеменин жардамы менен сандык төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын, бул тууралуу Индиянын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн маалымат каражаттарына билдирген. Ошондой эле ал жаңы систем пластикалык картанын ордун ээлеши мүмкүн деп айткан. Ал эми мындай эксперименттин Индияда башталышы ал өлкөдөгү перспективдүү рынокко байланыштуу экени айтылган.
Башка өлкөлөрдөгү колдонуучуларга бул функция качан жеткиликтүү болору азырынча белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:06
2025-11-02
15:57
2025-11-02
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















