Кувейтте 7-кабатта асылып калган үй кызматкери кулап кеткенче кожойкеси видеого тартып турган
Кувейтте үйдүн жетинчи кабатынын терезесине асылып калган үй кызматкерине үйдүн кожойкеси жардам бергендин ордуна кулап кеткенге чейин видеого тартып турган. "Укук коргоочулар кожойке бул жоругу үчүн жоопко тартылышы керек деген талабын коюшту" деп жазылат бүгүн, 5-апрелде чет элдик маалымат каражаттарында.
Маалыматтарга караганда терезеге бир колу менен асылып калган эфиопиялык аял. Ал үй кожойкесине "мени кармап кал, мени кармап кал" деп жардам сурап кыйкырган. Бирок кожойкеси "ай, акылдан азган, бери кел" деген жоопту узатып, терезеден колу ажырап, 7-кабаттан 1-кабатка түшкөнгө чейинки учурду видеого тарткан.
"Бактыга жараша үй кызматчысы жеңил жаракат алып, аман калган. Иликтөөлөр ал көптөн бери өзүн-өзү өлтүрүү аракеттерин көрүп жүргөнүн аныктаган. Бирок бул сөз үй кожойкесин актай албайт. Ага оор кырдаалда адамга жардам бербегендиги үчүн кылмыш иши козголгон", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми жумуш берүүчү үй кожойкеси "эфиопиялык жарандын өлүмүнө мени күнөөлөсө, далил катары көрсөтөм" деген ойдо тасмага тартканын айткан.
Үй кызматчысы кулап кеткенче карап турду (нерви жукаларга сунушталбайт)





1 |