super.kg logo

Аксы районунун Өлөң-Булак айылындагы мектепке жер көчкү түшүү коркунучу жаралууда

 

Аксы районунун Өлөң-Булак айылындагы мектепке жер көчкү түшүү коркунучу бар. Мындай маалыматты бүгүн, 5-апрелде SUPER.KG порталына Масалбек Шатманов атындагы мектептин директору Адыл Сулайманов билдирди.

"Мектептин бет маңдайындагы бийик дөңсөө көчүп кетүү коркунучунда турат. Ата-энелер мектепке балдарын жибербейбиз деп жатышат. 1995-жылдары ушул жерден көчкү түшүп бир үйдү, мектептин эки бөлмөсүн басып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксы райондук бөлүмүнө, айыл аймак башчысына, район акимине 100дөн ашуун ата-эне кайрылуу катын жолдошту", - деп билдирди мектеп директору Сулайманов.

ӨКМнын райондук бөлүмү көчкү түшүү коркунучу жогорку чыңалууда эмес экенин айтууда.

"Өлөң-Булак айылындагы Масалбек Шатманов мектебинин түштүк батыш тарабында бийик дөңсөө бар. Буга чейин жер көчкү түшүү коркунучу бар делген аймактарды текшерип, адистер барып келдик. Мектепке коркунуч бар, бирок анчалык жогорку чыңалууда эмес. Жакынкы аралыкта, деги эле жакынкы жылдарда көчүү коркунучу жок. Окуучулар окуй берсе болот", - деп билдирди бөлүмдүн башкы адиси Данияр Бекболотов.

Мектеп окуучуларынын өмүрүнө жер көчкүдөн улам коркунуч келип жатканы боюнча райондук билим берүү бөлүмү тарабынан район акимине билдирүү берилген.

Маалыматтарга ылайык, айыл эли окуучу балдарын мектепке жиберүүдөн баш тартууда. Бирок окуу жараяны уланууда. Аталган мектепте 300дөн ашуун окуучу окуйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: