Зиядин Жамалдинов: “Кытай биздеги мөмө жемиштерди алайын десе кээ бир министрликтер каршы болуп жатыптыр”
“Кытай биздин мөмө жемиштерди алалы деп жатса, кээ бир министрликтер каршы болуп жатыптыр”, - деп бүгүн, 6-апрелде парламентте "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов билдирди.
Анын айтымында, Кытай Эл Республикасы Кыргыз мамлекетинин мөмө жемишин алуу ниетин билдирип жатат.
"Ошонун негизинде эки тараптуу Айыл чарба министрликтери келишим долбоорун түзүп жатыптыр. Өкмөттүн буйругу менен түзүш керек экен. Учурда буйрук чыкпай жатыптыр. Себеби кээ бир министрликтер макулдугун бербей жатыптыр. Юстиция министрлиги, Каржы министрлиги каршы пикирин көрсөтүп жатканы туура эмес. Кыргыздын дыйкандарына душмандык кылып жатат. Эмнеге колдоо көрсөтпөйт? Жакында түштүк аймакта май айында мөмө жемиштер быша баштайт. Буга байланыштуу тез аранын ичинде өкмөт келишим түзүш керек", - деди ал.

