Бийик тоолуу аймактын жашоочуларына электр энергиясы боюнча жеӊилдикти күчөтүү сунушталды
Кыргыз жеринде кыш 6 айга созулган аймактардын жашоочуларына электр энергиясынан жеӊилдик берүү сунушталууда. Жогорку Кеӊештин 6-апрелдеги жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев киловатт-сааты 77 тыйындан эсептелген электр кубатынын көлөмүн кыш узакка созулган аймактар үчүн 1000 киловаттан 2000 киловаттка чейин көтөрүү зарылдыгын айтты.
Белгилүү болгондой, азыркы учурда эл колдонгон электр энергиясынын 700 киловаттына 77 тыйындан, андан ашыгына 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Ал эми бийик тоолуу аймактарда жашагандар 700 эмес, 1000 киловаттка чейин 77 тыйындан төлөшөт. Аларга 2 сом 16 тыйындык төлөм 1000 киловатт-сааттан ашык пайдаланганда колдонулат.
Өкмөткө ушул демилгени көтөрүп, Жогорку Кеӊешке долбоор киргизүү сунушу берилди. Сунуш өкмөт тараптан колдоо табабы же четке кагылабы азырынча белгисиз.

