super.kg logo

Садык Шер-Нияз: "Эрнис Кыязовдун маселеси каралбаса, мамлекеттин аброюна шек келтириши мүмкүн"

 

Бүгүн, 6-апрелдеги парламент жыйынында депутат Садык Шер-Нияз журналист Эрнис Кыязовго кол салуу болгонун белгилеп, бул маселе боюнча тийиштүү мекемелерге тапшырма берүү боюнча сунушун айтты.

Ал маданият ишмерлери акыркы учурда саясий окуяларга аралашып жатканын белгилеп: "Эрнис Кыязов деген журналист бар, ал бийлик, өкмөткө сын-пикир жазып жүрөт. Ага карата коркутуу-үркүтүү болуп жатканы айтылып жатат. Анын социалдык тармактагы баракчасында билдирүүлөрү өчүрүлүп жатыптыр. Маселени тийиштүү органдарга тапшырсаңыз. Муну текшерип карап койбосо, мамлекетибиздин аброюна шек келтирилиши мүмкүн", - деди депутат.

Айта кетсек, 4-апрелде кечинде журналист Эрнис Кыязов белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.04.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринин артын бири чукуп, онгулуктуу маселе чечпей, эл кыйын кырдаалда турганын сезбеген кандай немесинер? Козунорду чон ачсанарчы. Чет жердеги мигранттарды ойлосонорчу. Санкт Петербургдагы жардырууда кыргыздар кандай коркунучка калды экен? Алар кочодо тыныраак баса албай корголоп калышты. Мындай маселени керек болсо ажо талкуулап, ал жардырган жаран узбек экенин дагы бир жолу тастыктап, коомчулука жар салып, кыргызды калкаласа болмок.
06.04.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Талаалап жургон мигранттардын фейсбуктагы билдируусу эмес, оозунан созу тушо чет жерде иштеп журушот. Башын жерге салып, канчалаган кыргыз мекенин сагынып, озунун жанын озу багууда. Жаш балача сен антип койдун, мен мынтип койдум, деги саясий оюнунардын аягына чыкпайт, бирок ойлонгулачы, мындай кадам менен жакында кыргыз кайда барат?
06.04.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Тынч журбойт экен да,Бакиевтин учурунда Текебаевти жамандап "кулагыма шыбырап соз айтты эркектер бири бирин антишпейт "деп ар кайсыны айтып журду эле,кайра эми опозициянын созун суйлоп калды беле?коптон бери корунбой калбады беле? Бул журналист ар кандай суйлойт окшойт.
06.04.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талкуулаганга депутаттарга башка маселе жокпу? Сен антип, мен минтип дегенден башка?
06.04.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай качан бизге депутаттардан, жогорку жактагылардан "Баланча ишкана ишки кирди, мындай завод, фабрика ачалы, бир канча мин адам жумуш менен камсыз болду, алдыда дагы жакшы пландар бар, элет жерине конул бурулуп, айлык которулуудо..." деген создор чыгат болду бекен бул жарыкчылыкта? Же сен дедин, анан деп салдын деп, ажаан аялдарча айтышып журо береби?
06.04.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мамлекеттин аброю калдыбы ия???? Кайсы абырой, кайсы ар намыс ия??? Азыркы бийлик болгон абыройдун баарын төгүп бүттү го.
06.04.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошон учун тилди абайлаш керек оозум бар деп эле сүйлөй бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: