super.kg logo

Былтыр өлкөдө 11 251 айдоочу мас кезинде кармалып, 3 миӊи айдоочулук укуктан ажыратылган

 

Кыргыз жеринде 2016-жылы 11 251 айдоочу мас абалында унаа айдап жүргөн жеринен кармалган. Маалыматты 6-апрелде парламентте депутат Тынчтык Шайназаров билдирип, бирок кармалган айдоочулардын көбү жазасыз калып жатканын айтты.

Депутаттын билдиришинче, мас айдоочулардын кармалышы боюнча бардык материалдар сотко жиберилген. Сот тарабынан 3 миӊ айдоочу гана айдоочулук күбөлүктөн ажыратылып, 5 миӊ айдоочу айып төлөө менен кутулуп кеткен. 1450 факт азыркы учурда соттук кароодо. Шайназаров сот аталган көйгөйгө кайдыгер мамиле жасап жатканын, жол кырсыктарына тийиштүү маселени өкмөттүк же Коопсуздук кеӊешинин деӊгээлинде зарылдыгын айтууда.

Кошумчалай кетсек, 2017-жылдын февралында ИИМ маалымат таратып, анда 1 апта ичинде республикада 263 айдоочу мас кезинде унаа башкарып жүргөн жеринен кармалганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.04.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоо күбөлүгү жок айдап жүргөндөр көп экен. Эреде бузбай, тыптынч айдап жүрөбүз дейт көпчүлүгү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: