super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянова "2014-жылы резиденцияга кол салган адамдын менин жашаган жеримди сураганы боюнча реакция болгон эмес" деди

 

Парламентте 6-апрелде Башкы прокуратуранын отчёту угулууда. Башкы прокурор Индира Жолдубаева жалпы маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова ал башкы прокурор кызматынан кетердин астында болгон окуя тууралуу айтты.

"2014-жылы 18-сентябрда резинденцияга кол салуу болгон. Анда Улуттук Гвардиянын жоокери жаракат алып, ооруканада эсине келген эле. Ал кол салган адам "Аида Салянова ушул жерден чыгат экен, каякта жашаарын көрсөт" деген экен. Резиденцияга ким кол сала алат? Эмне үчүн бул иш боюнча реакция болгон эмес? Ушул иштин жыйынтыгын айтынызчы", - деди.

Бул боюнча Индира Жолдубаева "сиз айткан факты боюнча маалымат жок. Биз көзөмөлгө алабыз" деди.

Мындан сырткары "президент Алмазбек Атамбаевдин ар бир конференцияда адамдарды мородёр, алдамчы дегени, укук коргоо органдарына түз көрсөтмө берип жатканы мыйзамга туура келеби?" деп сурады.

Буга башкы прокурор өлкө башчынын сөзүнөн улам кадыр-баркка шек келтирди дегендер сотко кайрылса болорун айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: