КҮНСЕРЕП: Бийликти сындаганы үчүн кысымга кабылган жаран бийликтен акыйкат таба алабы?
Бүгүн, 6-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Көптөн бери бийликтин кемчиликтерин сындап келе жаткан «калемпир» журналист Эрнис Кыязовго кол салуу болду. Анын айтымында, 4-апрелде кечинде үйүнө белгисиз адамдар келип Садыр Жапаров менен болгон маектерин, бийликти сындаган "Багыт", "Сөз ирмем" деген көрсөтүүлөрдү жалпыга жарыялоону жана фейсбукка ой-пикир жазууну токтотууну талап кылып, коркутуп кетишкенин айтат. Бул окуяны ал фейсбуктан жазып чыккан. Көп өтпөй анын жеке баракчасындагы бийликти сындаган пикирлеринин баары өчүрүлүп, тазаланып калды. Кийин Кыязов түшүндүргөндөй, ал үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн жеке баракчасын өчүрдү. Андагы билдирүүлөрдүн дээрлик бардыгы учурдагы бийликтин кемчиликтерин сындаган пикирлер эле. Демек, журналистти кысымга алгандар максатына жетишти. Бул окуяны күзөтүп отурган коомчулукта суроо жаралды. Эми интернет аркылуу бийликтин кемчиликтерин, каталарын сынга алган адамдарды үйүнө чейин барып коркутуу башталабы? Башында Кыязов милицияга аталган окуя боюнча арыз менен кайрылбастыгын айткан, ИИМден андан эч кандай арыз түшпөгөнүн тастыкташкан. "Бийликти сындаганы үчүн кысымга кабылган жаран бийликтен акыйкаттык издемек беле" деген логикалуу суроо жаралган. Акыркы маалыматтарга караганда Кыязов милицияга арыз жазды.
Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Садык Шер-Нияз ("Ата Мекен") мындай көрүнүш мамлекеттин аброюна шек келтирет деп, тийиштүү органдар муну текшерүүсү керектигин айтты. Буга чейин Жогорку Кеңеште жарандардын социалдык тармактардагы билдирүүлөрү сындалып, тескөөгө алуу керек деген маселе көтөрүлгөн. Коомчулук эркин пикир билдирүү укугун чектөө башталды деп бул демилгеге каршылык билдирип бүткүчө үйгө чейин келип коркутуулар башталды...
Былтыр Кыргыз Республикасында 11 миңден ашуун айдоочу мас абалында кармалып, бирок алардын болжол менен үчтөн бири гана айдоочулук укуктан ажыратылган. Мындай нааразы кыла турган статистиканы 6-апрелде парламентте депутат Тынчтык Шайназаров билдирип, кармалган айдоочулардын көбү жазасыз калып жатканын айтты. Депутаттын билдиришинче, Патрулдук милиция мас айдоочулардын кармалышы боюнча бардык материалдарды сотко жиберсе, сот буга кайдыгер мамиле жасоодо. "Сот тарабынан 3 миӊ айдоочу гана айдоочулук күбөлүктөн ажыратылып, 5 миӊ айдоочу айып төлөө менен кутулуп кеткен. 1450 факт азыркы учурда соттук кароодо. Судьялар качан айдоочулар акча менен ишти бүтүрүүнү сунуштаарын күтүп жатышат", - деди депутат. Албетте, мас абалдагы айдоочу жөө жүрүп бара жаткан адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратат. Пара төлөө менен кутулуу же тааныш-билиштери аркылуу айдоочулук күбөлүгүн кайтарып алуу айдоочуга кайра мас абалда унааны коркпой башкарууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Өлкөдө терс адатка айлангандай, чоң чуулуу окуя болмоюнча маселеге көңүл кош мамиле жасалып келе берет. Бирок жыл сайын республикада жол кырсыктарынан улам жүздөгөн адамдар каза болууда. ИИМдин февраль айындагы статистикасына таянсак, 1 апта ичинде республикада 263 айдоочу мас кезинде унаа башкарып жүргөн жеринен кармалган. Мас айдоочулардын санын кескин азайта турган чоң чуулуу окуя сөзсүз түрдө болуш керекпи? Жолдогу өлүмдөрдү, жол кырсыктарын азайтуу үчүн МАИ кызматынын, соттордун, ошондой эле айдоочулардын да жоопкерчилигин күчөтүү зарыл...
Бул аптада өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаева Ак үйдө жүрдү. Баштапкы күндөрү ал Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде, бүгүн жалпы палатада 2016-жылы прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчёт берди. Бүгүн жалпы жыйында маалымат берүү жана суроолорго жооп берүү болжол менен 2 сааттан ашык убакытты ээледи. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш башкы прокурордун отчётун канааттандырарлык деп баалады.
Жолдубаеванын отчёт берүүсү саясий айдыңдагы чуулуу окуялардын фонунда өттү. Прокуратуранын ишине сындар көбүнчө "Ата Мекен" фракциясы тарабынан айтылып жатты. Мисалы, депутат Аида Салянова: "Прокуратура Конституцияны бузуп жатат. Башкы прокуратуранын президенттин кадыр-баркын коргоп сотко берүүгө укугу жок", - деп сындады. Буга Жолдубаева мыйзамга таянып, прокуратура соттордо жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын көрсөтүүгө укуктуу деп жооп берди. Салянованын фракциялашы Алмамбет Шыкмаматов кесиптеши Канат Исаевдин ("Кыргызстан") мисалын келтирип, "ооз ачып койгон саясатчыларга" кылмыш иштерин козгоону токтотууга чакырды. Дагы бир "ата мекенчи" депутат Садык Шер-Нияз парламентте "Ата Мекен" фракциясы коалициядан чыккандан кийин чабуул башталганын айтты. Ал акыркы айларда "Ата Мекендин" депутаттарына өтө тездик менен кылмыш иштери ачылганын мисал кылып, башкы прокурорго "Башкы прокуратура саясатташып кеткен жокпу?" - деп сурады. Индира Жолдубаева Башкы прокуратура саясатташпаганын, бардык иштер мыйзамдын чегинде жасалып жатканын баса белгиледи. Ошол эле учурда башка фракциялар үн катышкан жок. Алардын лидерлери президенттик шайлоо алдында башкы көзөмөлдөөчү орган менен мамилени бузууну каалашкан жок өңдөнөт...
кошулду

