super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУПЕРСТАН: "Санай берсе кыргыздан көптөр чыккан, элдин жүгүн көтөргөн лөктөр чыккан"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыздардан кимдер чыккан?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Бизден көптөгөн улуу инсандар чыккан, алардын баарын айтып отурса форум толуп калат. Мен жакынкы күндөгү Исхак Раззаковду мыкты кыргыз катары сыйлайм".

"Кыргыз кичинекей калк болсо да, атагы таш жарган улуу инсандарыбыз аз эмес. Канча деген акын-жазуучулар, баатырлар бизге урпактан урпакка өтүп, аттары өчпөй сакталып келет".

"Кыргыздан Чыӊгыз Айтматовду ким тааныбайт. Алыс жердин китепканасынан анын китептерин көрүүнүн өзү эле көп нерсени айтып турат".

"Санай берсе кыргыздан көптөр чыккан, элдин жүгүн көтөргөн лөктөр чыккан. 20-кылымды эле алалычы: Чыӊгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Сүймөнкул Чокморов, Чоро Кожомжаров, Шаршен Термечиков, Асанкул Шаршенов (баласы), Күмөндөр Абылов... Калгандарын силер санагыла".

"20-кылымдын искусство адамдарынан: Бүбүсара Бейшеналиева, Калый Молдобасанов, Сабира Күмүшалиева, Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаков, Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров, Таттыбүбү Турсунбаева, Орозбек Кутманалиев, Советбек Жумадылов жана башкалар. Коомдук ишмерлер: Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов, Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимов, Султан Ибраимов, айта берсе түгөнбөйт".

"Кыргыздан Нүзүп миңбашы, Алымбек датка, Курманжан датка, Ормон хан, Полот хандар чыккан. Кытайдагы 3 аймактын төңкөрүшүндө 3 адамдын бири болуп Ысакбек Монуев деген чыккан".

"Спортчулардан да куру эмеспиз. Боксту мисалга алсак, мурунку муундан Орзубек Назаров, азыркыдан Алмазбек Раимкулов, далысы жер жыттабаган балбандардан ыраматылык Раатбек Санатбаев чыккан. Азыркылардан Канатбек Бегалиев, Данияр Көбөнөв жана башкалар. Гандбол боюнча кыйын чыкма спортчубуз Талант Дүйшөбаев, бильярддын атасын тааныткан чемпион Каныбек Сагынбаев, оор атлетика боюнча Каныбек Осмоналиев".

"Кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановду айта кетпесек болбос".

"Айтылуу Шота Руставелинин "Жолборс терисин кийген баатыр" поэмасын кыргыз тилине которгон Алыкул Осмонов чыккан. Таланттуу акын, мен баалаган чыгаан инсан".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: