super.kg logo
  Саясат  

Депутат Асия Сасыкбаева Бишкекте талаш-тартыш менен курулуп жаткан имарат боюнча Башкы прокуратурага кайрыларын билдирди

 

Бишкектин Манасчы Сагымбай көчөсүндө курулуп жаткан имарат мыйзамга жооп бербестигин аталган көчөнүн тургундары депутаттар Асия Сасыкбаева жана Наталья Никитенко менен болгон жолугушууда билдиришти. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлайт. Аталган көчөнүн тургуну Маргарита Карихтин айтымында, эң эле коркунучтуусу, жаңы курулуп жаткан имараттын жер төлөсү аталган үйгө өтө жакын жерден казылган. “Курулуш иштери башталгандан бери бизде тынчтык жок, жашоого мүмкүн болбой калды”,- дейт ал.  Жергиликтүү жашоочулар имараттын курулушун токтотуу талабы менен сотко чейин кайрылышкан. Сот “имараттын курулушу токтотулсун” деген чечим чыгарса да, курулуш иштери дагы деле уланууда. Бул боюнча экологиялык инспекция дагы "бак-дарактарды кыйганга болбойт" деген корутунду берген. Ал эми депутат Асия Сасыкбаева бул иш боюнча Башкы прокуратурага кайрыларын айтты. Анын пикиринде, кокус жер титиресе, курулуп жаткан имараттын жанындагы үйлөр зыянга учурабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: