Франциялык окумуштуулар 60 күн ордунан жылбай жаткан адамга 16 миң доллар төлөп берерин билдиришти
Франциянын Тулуза шаарындагы Космостук медицина жана психология институтунун окумуштуулары 60 күн катары менен ордунан жылбай жатып берген адамга 16 миң доллар (болжол менен 1 миллион 88 миң сом) төлөп беришерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда окумуштуулар көпкө узаган салмаксыздыктын адамдын организмине тийгизген таасирин аныктоо үчүн бул экспериментти жасоону пландашууда. Изилдөөгө катыша турган адам жадакалса дааратканага барганда ийинин жерден көтөрбөшү керек.
Алгач катышуучулар толук текшерүүлөрдөн өтүшөт. Андан соӊ 60 күн бою керебетте жатып, баштарын андан 60 градустан ашык көтөрбөшү керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

60 кун турбай жатсан, кан айлануу системан бузулуп, буттарындын булчундары иштебей калышы мумкун.
сyпер инфо тактап сyрагылачы интернет бар бекен, телефoн чукуса болобу мен барып келейин))
мен чыдабайм,жата берип жүрөк оорулу болуп каламго..