super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мектеп окуучулары Google`да эмгектенген Тилек Мамутов менен болгон видеоконференцияга катышышты

 

Борбор калаадагы мектеп окуучулары "Google" компаниясында эмгектенген кыргыз жигити Тилек Мамутов менен болгон видеоконференцияга катышышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 6-апрелде билдирди.

"Иш-чара №12-окуу-тарбиялык комплексинде болуп өттү. Тилек Мамутов менен баарлашууга Свердлов районундагы мектептин активисттери чакырылды. Анда окуучулар бир жарым саат бою өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. "Google" маалыматты кайдан алат?", "Эмне үчүн "Google" деп аталат?", "Ден соолукка зыян оюндардан кантип жаш балдарды алыстатуу керек?" Ушул сыяктуу суроолор берилди.

Соӊунда Тилек Мамутов окуучуларга кызыктуу баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, аларга ийгилик каалады. Катышуучулар кол чабуулар менен видеоконференцияны жыйынтыкташты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Тилек Мамутов 1985-жылы 9-июнда Бишкек шаарында туулган. Борбордук Азиядагы Америка университетин аяктаган. Эмгек жолун 2005-жылдан 2007-жылга чейин БААУда мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 2007-жылдан тарта "Google" компаниясында долбоордун менеджери болуп эмгектенип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.04.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Америкадабы
07.04.2017. 06:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Не деген Ийгилик тил билсен талаада калбайсын. Кореяга кетким келип кетти окуусу бирок ото кымбат. Тил уйронгонго чет жерге барганга не жетсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: