super.kg logo

Германияда 16 жаштагы кыз кайчыдан коркуп 3 жылдан бери тырмагын өстүрүп келет

 
Симона Тейлор

16 жаштагы Симона Тейлор аттуу германиялык кыз 2014-жылдан бери тырмагын ала элек. Азыр тырмактарынын узундугу 14 сантиметрден ашкан. Мындай маалыматты бүгүн, 6-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда өспүрүм кыз мындан 3 жыл мурун маникюр жасаганда колдонулчу шаймандардан коркуп калган. Ошол мезгилден баштап тырмагын алган эмес. Окуучунун айтымында, тырмактары ага көп жерден ыңгайсыздык жаратат, бирок ал сулуулук үчүн баарына чыдайт. Ошондой эле тырмагын өстүрүүгө интернеттеги "Узун тырмактарга кантип кам көрүү керек?" деген видео дагы түрткү болгон. Өзгөчө тырмактары менен бардык үй жумуштарын жасаганга үйрөнүп калганын айткан.

"Жазып бүткөндөн кийин колдорум катуу ооруйт. Чачымды жууп жатканда дагы ыңгайсыздык жаралат. Буга чейин бир гана жолу дарбазадан ашып түшөйүн деп жатканда тырмагымды сындырып алгам", - дейт ал.

Дене тарбия сабагына катыша албагандыктан мугалимдери Тейлорго дайыма тырмагын алып салуусун айтышат, бирок ал өзүнүкүн бербей келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(35)
06.04.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ий журокту айланткан ожок десе кантип эле кайчыдан корксун мен кичинекей кыз экен десе долдойгон эле кыз экенго
06.04.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстанга алып келиш керек экен бир камыр жууруганда сынып түшүп калат
06.04.2017. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rozhulun, камыр эмес. Чоп ототуш керек...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: