super.kg logo

КУУнун ректору алмашты: Эмгек жамааты жаңы ректордон окуу жайдагы ушактарды токтотууну суранды

 

"Кыргыз Улуттук университетинин ректору Чынара Адамкулова кызматтан алынды. Анын ордуна мурдагы Билим берүү жана илим министри Канат Садыков ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды", - деп билдирди бүгүн, 6-апрелде окуу жайдын маалымат катчысы Жээнбек Эралиев SUPER.KG порталына.

Берилген маалыматка ылайык, кызматтык орун алмашуулар бүгүн окуу жайдагы диссертациялык кеңеш залынын ачылыш аземинде белгилүү болду. Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Калысбек Шадыханов өкмөттүн буйругун окуп жатып, ректордун кызматтан алынышы анын башка кызматка которулгандыгы менен байланыштуу экенин билдирди.

Канат Садыков КУУну жаңы ректор шайланганга чейин жетектейт.

"Чынара Адамкулова КУУнун эмгек жамаатына кайрылып, ал жетектеген 1 жыл 10 ай аралыгында жакшы иштерди аткарууга бирге болгондуктарына ыраазычылык билдирди." Бул кызматтык алмашуулар өкмөттүн жана министрликтин саясаты, стратегиясы болду", - деди ал. Өз учурунда Канат Садыков Адамкулова окуу жайды эң кыйын учурда жетектегенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын мугалимдери мекемеде көп жылдан бери токтобой келе жаткан ушак-айыңды токтотуу зарылдыгына токтолушту.

"Чынара Адамкулова бул кесепети жаман нерсе менен күрөштү. Бирок аягына чыгарууга үлгүргөн жок. Канат Жалилович, сиз университеттин жамааты арасындагы интригаларды жок кыласыз деп ишенебиз", - деген факультет деканы Кундуз Базакеева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: