"Унаа уурдаганга аракет кылган" деп шектелип 3 адам колго түштү
Бишкекте "автоунаа уурдаган" деп шектелип 17 жаштагы Алтынай Т., 20 жаштагы Алтынбек Б. жана Айбек Б. аттуу жарандар 6-май күнү колго түштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы кабарлайт. Окуя тууралуу 32 жаштагы Б.И. аттуу адам милицияга кайрылып, арызында “борбордогу кафелердин жанында токтоп турган Митцубиси-Каризма унаамдын терезесин белгисиз адамдар сындырышып, аны айдап кетүүнү көздөшкөн” деп билдирген. Бул боюнча Октябрь райондук ИИБинин ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү 3 адам кармалып, учурда алар суракка алынып жаткандыгы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.