Президент Апрель окуяларында каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо боюнча өкмөткө сунуштаарын айтты
Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылы Апрель окуяларында каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо боюнча өкмөткө сунуштарды айтты. Бул тууралуу 6-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда мамлекет башчы "2010-жылдын апрелиндеги окуяларда каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо жөнүндө" мыйзамга ылайык жарлык чыгарган. Анда өкмөткө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштар айтылат. Анда Апрель окуяларында курман болгондордун жана жаракат алгандардын жакындарын социалдык коргоо жаатындагы кепилдиктердин аткарылышын анализдөө, мыйзамдын аткарылышын актуалдаштыруу жазылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

