ЖЫЛНААМА, 7-АПРЕЛЬ: Элдик Апрель революциясы күнү

Бүгүн Элдик Апрель революциясына 7 жыл толду. Дал ушул күнү Курманбек Бакиевдин авторитардык режими кулаган. Ошол кездеги бийликке нааразы болгон эл алгач Таласта толкуп, милиция менен оппозициянын тиреши орун алган. Анын жыйынтыгында бир катар мамлекеттик мекемелер элдин колуна өтүп, ошол учурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев барымтада калган. Кийин элдин толкуну Бишкекте башталып, "Ала-Тоо" аянтындагы кандуу окуя менен аяктаган. Бийликтин аткан огунан 80ден ашык жаран каза болуп, 1000ден ашык адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.
Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштагы депутаттары 2011-жылдын 17-ноябрындагы кезектеги жыйынында "7-апрель - Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө" мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алышкан.







1 |