super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев: "Фридом Хаустун Кыргыз өлкөсү авторитардык режимге баратат деген жыйынтыгы шек жаратат"

 

Парламент депутаты Дастан Бекешев Фридом Хаустун "Кыргыз өлкөсүн авторитардык режимге баратат" деп чыгарган жыйынтыгы шек жаратат деген пикирде. Анын айтымында, бул багыт боюнча кырдаал анализденген эмес жана бейөкмөт уюмдардын билдирүүлөрүнүн негизинде жыйынтык чыккан. Бул тууралуу эл өкүлү 5-апрелде өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

"Кыргыз жеринде авторитариз жок, болушу да мүмкүн эмес. ММКларда сөз эркиндигине жана жарандык коомчулукка чектөөлөр болууда, тынчтык митингдерин өткөрүүгө уруксат бербей жатат деген имиштерди окуганда ошондой ойго келиши мүмкүн. Ачык айтыш керек, жазганга эч ким тыюу салган эмес, жаза беришсин. Жазгандан кийин жоопкерчиликти алышсын, менимче, бул нормалдуу көрүнүш", - деди Дастан Бекешев.
Депутат тынчтык митингине чыккандар жолдорду тосуп, милицияга каршы аракеттерди көрүшсө, ал митинг тынч мүнөздө болбой каларын белгиледи.
"Биздин мамлекет авторитардык режимге баратат деген жыйынтыгына макул эмесмин. Фридом Хаус анализ жүргүзбөй кээ бир ММКлардын макаласынын темасынан улам ушундай бүтүм чыгарды. Парламентте 6 партия бар. Авторитаризм болгондо айрым маселелер парламент менен макулдашпай туруп каралмак", - деди депутат.
Айта кетсек, Freedom House укук коргоо уюму жыл сайын чыгарып турчу докладында Кыргыз мамлекетиндеги демократиянын көрсөткүчү 2016-жылы 6 балл болуп, авторитардык режиминдеги өлкөлөрдүн категориясына киргизген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: