super.kg logo

Биринчи вице-премьер-министр Боинг-747 авиакырсыгынан жабыркагандар менен жолукту

 

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 6-апрелде Боинг-747 авиакырсыгынан курман болгондордун туугандары менен жолугуп, түрктөр тарабынан төлөнүүчү компенсация тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев жакында эле Боинг-747 учагы таандык болгон "ACT Airlines" авикомпаниясынын өкүлдөрү менен жолукканда каза болгондордун туугандарына, денесинен ар кандай жаракат алган жарандарга, мамлекетке келтирилген зыяндар жана жарандардын чыгымдарын төлөп берүү тууралуу сүйлөшкөнүн эске салды.

"Биринчи вице-премьер-министр жабыркагандарга жардам берүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 42 миллион сомдой каражат түшкөнүн кошумчалады. Которулган сумма буга чейин авиакырсыктын жалпы чыгымдарын эсептеп чыккан өкмөттүк комиссия тарабынан аныкталган 195 миллион сомдун бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал түрк тарап да тез аранын ичинде керектүү болгон компенсацияларды төлөп берүүгө кызыкдар экенин билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Абылгазиев жолугушууга келгендерди комиссия жабыркагандардын бардык сунуш эскертүүлөрүн эске алуу менен ишти ачык жана таза улантарын ишендирди. Ошондой эле аларга керек болгон учурда укугун коргоого жана кызыкчылыгына байланыштуу болгон юридикалык маселелерди чечүүгө колдоо көрсөтүүлөрүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.04.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Качанга чейин тушундуруп журо беришет,ертерек беришпейби соска сала бербестен кайра кайра,уят еле елден чогулган акчаны елге бере алышпай,макул парламентке штора алгыла ошол есептен калганын бергилечи батырак
kyrgyz.kg83 түзөттү 2017-04-07 10:31:45
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: