Көзү азиздер үчүн Ч.Айтматовдун "Жамиля" повести атайын китеп болуп чыкты
Кыргызстанда көзү көрбөгөн жана начар көргөн жарандар үчүн Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повести Брайль шрифтинде китеп болуп басылып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда депутат Дастан Бекешев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, интернеттеги социалдык тармактарга китепти чыгаруу тууралуу маалымат таратып, ага 4 киши жардам берүүгө даяр экендигин билдиришкен. “12 китеп чыгардык. Ал үчүн 15 800 сом кетти. 2 китепти Ош шаарындагы жатак-мектепке бердик, калгандарын бүгүн таратабыз”,-деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

