super.kg logo

Депутат Айтмамат Назаров: “Айыл мыйзамы” ысырапкорчулукка чек коёт"

 

“Айыл мыйзамы” каада-салттарды, материалдык-каржылык чыгымдарды жөнгө салууну көздөйт", - деп 6-апрелде "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров “Парламент” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал билдиргендей, анда ысырапкорчулукка чек коюу талабы камтылган. "Алгач мындай демилгени айыл аймактарынан баштоо аракети көрүлүүдө. Аны сыноо долбоору катары Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагында ишке ашып жатат. Ыгы жок салт-санаа менен өткөн той-аштарга деп жылына 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшалат", - деди ал.

Депутат атайын комиссия түзүү керек экенин белгилеп, курамына сөзү өтүмдүү, кадыр-барктуу деген кишилер сунуштала турганын айтты. Ошондой эле маркумду акыркы жайга узатууда жыртыш таратуу, 3, 7 40 күндүк, жылдык деген эскерүү иш-чараларын колдонбоо маселелери дагы “Айыл мыйзамында” белгиленгенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.04.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыл мыйзамын эмес, биринчи озулорунон баштаса болмок мыйзамдуу иштегенди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: