ЖЫЛНААМА, 7-АПРЕЛЬ: 3 жыл мурун Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актёр Бакирдин Алиев каза болгон
Уулдары менен
Жубайы менен
Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 7-апрелде бүт өмүрүн театрга арнаган залкар талант, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакирдин Алиев 81 жаш курагында дүйнө салган. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. Актёр 1933-жылы 10-октябрда Суусамыр айылдык округундагы Кожомкул айылында төрөлгөн. Акыркы жылдары Бакирдин Алиевдин ден соолугу начарлап, эки көзү көрбөй, үйүнөн өз алдынча чыга албай калган.
Бакирдин Алиев кыргыз кереметтери болгон "Уркуя", "Мен - Тянь-Шань", "Караш-караш окуясы", "Эски тегирмен" тасмаларына, "Чиркин өмүр" телесериалына тартылып, ошондой эле театрда жүздөн ашуун роль жараткан. Жубайы, актриса Кеңеш Курманалиева менен 3 уул жана бир кыздуу болушкан.
7-апрелге карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
akil.91
07.04.2017. 17:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сокур кемпир корогочто да сонун аткарган!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















