super.kg logo

Алмазбек Атамбаев: “7-апрель - өлкөбүздүн тарыхындагы эң кайгылуу, ошол эле убакта эң маанилүү окуялардын бири”

 

Бүгүн, 7-апрелде мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Апрель окуясынын 7 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

Урматтуу мекендештер!

Туура жети жыл мурда, 7-апрелде Кыргыз мамлекетинин тагдыры чечилген. Ал күнү элибиздин алдында бир үй-бүлөнүн хандыгы орноп, калганыбыз кул болуп калабызбы, же эркин жарандар өлкөсү болобузбу деген суроо турган. Ал күнү көк жал жигиттерибиз эркиндик үчүн бүгүн, азыр башты сайып күрөшпөсөк, кийин кеч болуп калат деп чыгышкан. Дал ошол күнү намыскөй элибиз кайрадан эркиндикке, адилеттикке, келечекке жол ачкан.

Бирок жеӊиштин баасы өтө кымбат болду. Ошол күнү 86 жараныбыз курман болгон. Андан кийин өткөн мезгилдин ичинде да, алган жаракаттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумду. 7-апрель шейиттерине таазим этебиз!

Арабызда ошол 7-апрель күнү “Ала-Тоо” аянтында ок алдында тургандар, өлүмдүн көзүн тик карагандар бар, катуу жарадар болгондор бар, Кудай октон сактагандар да бар. Эрдиктер үчүн таазим этебиз!

Урматтуу мекендештер!

Ошол каргашалуу күнү “Ала-Тоо” аянтына эч ким кызмат үчүн же байлык үчүн чыккан жок! Эч ким сыйлык алам деп чыккан жок! Көр оокат үчүн эч ким чыккан жок!

7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан! Кул болбойбуз деп чыккан! Кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз деп чыккан! Тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деп чыккан!

Ушундай элибиз болгонуна, ушундай көк жал жигиттерибиз болгонуна Кудайга миң мертебе рахмат! Сыймыктанабыз, элибиз менен!

Урматтуу мекендештер!

2010-жылдын 7-апрели өлкөбүздүн тарыхындагы эң кайгылуу, бирок ошол эле убакта эң маанилүү окуялардын бири.

Мен мурда айткан сөздөрүмдү дагы бир жолу кайталагым келет. Бийик тоолор алыстан гана көрүнөт. Жакындасаң, аларды пас бөлтөктөр, адырлар, башка тоолор жаап калат. Алыстаганда гана бийик тоолор алардын аркасынан калдайып чыгып, көрүнүп баштайт, ак мөңгүлүү чокулары менен асманды тиреп.

2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуянын зор мааниси да, ошол күнү көрсөтүлгөн эрдиктин бийиктиги да жылдар өткөн сайын гана так көрүнүп баратат.

Мен ишенем, канча мезгил өтсө да, бул окуя унутулбайт, тескерисинче, жылдан жылга асман тиреген ак мөңгүлүү залкар тоодой болуп, өлкөбүздүн келечеги үчүн курман болгон жигиттерибизди элестетип, элибизге, жаңы муундарга дем берип турат.

Урматтуу мекендештер!

7-апрелде биз көптөгөн кырчындай өмүрлөрдөн айрылып, кайгыга баттык. Бирок ал баатырлардын улуу тилектери ишке ашып, азыр Кыргыз өлкөсү өзгөрүп, өнүгүп жатат.

7-апрелден кийин жергебизге көптөн күткөн тынчтык, туруктуулук келди.

7-апрелден кийин Кыргыз мамлекеттүүлүгү бекемделип, эгемендүү Кыргыз Республикасы өнүгүү жолуна чыкты.

7-апрелден кийин кыргыздардын байыркы тарыхы, кайталангыс маданияты менен салттары тоодон аккан дарыядай жанданды.

7-апрель кыргыз элинин духун, намысын ойготту.

7-апрель кыргыз көчүн кайрадан Манас атабыздын, бабаларыбыздын жолуна салды. Кыргыз элине кең келечек ачылды!

Ошондуктан мындан ары биз бул күндү аза күтүү күнү катары эмес, улуттук майрам катары тосушубуз керек.

Урматтуу мекендештер!

Баарыңарды 7-апрель Улуттук майрамыбыз менен куттуктайм!

Баарыңыздарга узун өмүр, чың ден соолук, бакыт-таалай каалайм!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

Жашасын, эгемендүү Кыргыз Республикасы!

Майрамыңыздар менен!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
07.04.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сен качан кетип бизге качан майрам болот сени коргондо аллергия
07.04.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
almaz2880, кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз деп чыккан дейби? Ой тообо тообо дегенден башка соз келбеди окунучтуу
07.04.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Myna saga duino juzundo sogush bolup atat , Amerika Siriaga sogush achyptyr , Kyrgyz eli birimdikte bolup ozubuzdun Prezidentibizdi koldobosok , bolboit .
07.04.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ен Манилу кун болгон болсо бул озу учун болду,анткени канча акчасын чачып кайтып жыйнаганга козу жети,карапайым калкка окунучту еле бойдон калды бул кун,7жыл ичинде атамбаевтин бир заводтун ачылышында корбодум,
kyrgyz.kg83 түзөттү 2017-04-07 15:52:40
07.04.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
яман суйлойсуз да сиз ям ,,,эртерээк шайлоо болуп Садыр Жапаровду щайлап алсак сиз менен башка корушпогонго аракет кылышыбыз керек.
07.04.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коргум жок суйлогонун уксам аллергиям чыгатто кеткен бутулка досторунду кошо ала кетчи сенден сураныч Атамбай
08.04.2017. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу мультимиллионердин заманы эртерээк бутсо экен.элибизге таза иштеген президент керек.тажап буттум ушул XXX
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-08 09:55:56
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: